Site icon Reporter.kg

Аксыда 12 жашар бала сууга агып кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 12 жашар бала сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 21-июль күнү саат 17:00 чамасында болгон. Анда 2008-жылы туулган бала Кум айылындагы Чоң-Наманган каналына түшүп кеткен.
Аны издөөгө 11 куткаруучу, 15 жергиликтүү тургундар тартылган.

Бирок издөө иштери натыйжа бербей, дале уланууда.

Exit mobile version