Аксыда 17 жаштагы өспүрүм сууга агып кетти

Аксыда 17 жаштагы өспүрүм сууга агып кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 17 жаштагы өспүрүм сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Аксы районунун  Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында 14-июнь күнү 2003-жылы төрөлгөн өспүрүм Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аны издөөгө ӨКМнын 15 куткаруучусу тартылып, бирок караңгы кирип кеткенине байланыштуу куткаруучулар аракеттерин токтоткон.

Бүгүн, 15-июнда да издөө иштери улантылууда. 

Сүрөт: sputnik.kg

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>