Аксыда 300дөй адам жол тосуп, Аким жана милиция жетекчиси иштен кетти – видео

Аксыда 300дөй адам жол тосуп, Аким жана милиция жетекчиси иштен кетти – видео

Аксыдагы башаламандыкка байланыштуу милициянын жетекчиси иштен кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жылкы октябрь айындагы баш аламандыктарга  байланыштуу 2-январда Аксы районунун Кербен шаарынын Ш.Ж. аттуу жашоочусу кармалган. Ага нааразылыгын билдирип, 300дөй жергиликтүү тургун митингге чыгып, Аксы-Ала-Бука жолун жаап салышкан. 

Алар кармалган адамды сыртка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотууну жана райондун акими Э. Ормоналиев менен Аксы РИИБинин начальниги Ш. Таңгировду кызматтан алууну талап кылышкан.

Буга байланыштуу кечээ, 4-январда Ички иштер министринин буйругу менен Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Шекербек Таңгиров ээлеген кызматынан бошотулган.

Ошондой эле район акими Э. Ормоналиев да иштен кеткени кабарланды.

Жол тоскондор кечээ, 4-январда тарап, Аксы-Ала-Бука каттамы ачылган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>