Аксыда аялды өз үйүндө муунтуп өлтүргөн адам кармалды – сүрөт

Аксыда аялды өз үйүндө муунтуп өлтүргөн адам кармалды – сүрөт

Жалал – Абад облусунун ички иштер башкармалыгы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылгандыгын кабарлады.

24-ноябрда Аксы районунун борбору Кербен шаарынын 49 жаштагы тургуну өз үйүндө муунтулуп өлтүрүлгөн  жеринен табылган.

Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө башында уюган кандын, жанчылып жарылган жарааты жана мойнунда муунтуунун издери болгон.

Бул факты боюнча ыкчам – тергөө иштери башталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен иш ачылып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Анын алкагында 26-ноябрь күнү Ош облусунун 38 жаштагы Т.Ф. аттуу тургуну  Ош шаарында убактылуу жашап жаткан батиринен кармалган.

Жактоочунун катышуусунда шектүү суракка алынып, күнөөсүн мойнуна алган жана болгон окуя боюнча толугу менен көрсөтмө берген.

Ал 49 жаштагы маркумду өлтүрүп, анын алтын буюмдарын, телефонун алып кеткенин айткан. Аксыдан алгач  Ала-Бука районуна барып, ал жактан жалгыз такси жалдап Ошко барып алтын буюмдарды, телефонду сатып, убактылуу батир жалдап жашырынып жаткандыгын билдирген. 

Учурда тергөө иштери уланып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 

[su_image_carousel source=»media: 49866″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>