Аксыда 5 жашар кызды зордуктоо шектелип 39 жаштагы адам кармалды

Аксыда 5 жашар кызды зордуктоо шектелип 39 жаштагы адам кармалды

Аксы районунда 5 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалды. Аталган маалыматты Reporter.kg`ге облустук милициянын басма сөз катчысы Шеркул Турганбаев тастыктады.

Маалыматка караганда, 20-декабрда Аксы районундук милициясына  жубайлар кайрылып, алар 19-декабрь күнү базарга кеткен маалда үйүнө белгисиз адам кирип, 5 жаштагы кызына ыпылас иш аракеттерди жасаганын билдиришкен.

Бул факты Жазык кодексиндеги 165-берене («Ыпылас аракеттерди жасоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен бул ишке шектүү катары 1980-жылы туулган Аксы районунун тургуну кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген.

Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында, соттук-биологиялык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>