Аксыда 9 үй жер көчкү алдында калуу коркунучу жаралды — сүрөт

Аксыда 9 үй жер көчкү алдында калуу коркунучу жаралды — сүрөт

Аксыда 9 үй жер көчкү алдында калуу коркунучу жаралды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагындагы Жүзүм-Жан айылында 9 үй жер көчкү алдында калуу коркунучу жаралган. 30-март күнү жер көчкү активдешип, жаракалары чоңойгондугу байкалып, жакын жайгашкан 9 турак жайга коптуу абал пайда болгон.

Буга байланыштуу жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери, ыкчам топ тартылып, 9 турак үйдүн жашоочулары коопсуз жерге көчүрүлгөн.

31-март күнү түзүлгөн коммисия жеринде тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Бүгүн 1-апрель күнү жеринде иш-чаралар уланууда.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>