Аксыда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Аксыда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Аксыда аз камсыз болгон  үй-бүлөлөргө көмүр таратылганын кабарлады.

Аксы районунун борбору Кербен шаарындагы аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө 50 мүшөк көмүр таратылды.  Ар бир үй-бүлөгө 5 мүшөктөн бөлүнүп берилген. 

Бул кайрымдуулукка атын атагысы келбеген жеке ишкер демөөрчү болгон. 

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына кабарлаган райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков муктаждар көп экенин, бирок аз да болсо жардам бергиси келген адамдардын демилгеси сүйүнтүп жаткандыгын айткан.

“Албетте, муктаждар көп. Бардыгына жардам берүү мүмкүн эмес. Бирок аз дагы болсо жардам колун сунуп, кайрымдуулуктарды жасай берсек бул үй-бүлөлөрдүн дагы жашоо-турмушу оңолот”,-деген Абдыкалыков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>