Жалал-Абад облусунун Аксы районунда эскирген электр мамылары алмаштырылууда. Бул тууралуу “Жалалабадэлектро” АККсынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, күз-кыш айларына карата даярдыктын алкагында 282 эски мамылар алмаштырылып, ордуна жаңы бетон мамылар орнотулган.
“2020-2021-жылдын күз-кыш айларына карата даярдыктардын алкагында электр орнотмолорундагы капиталдык жана утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары аягына чыгуу алдында. Калк үзгүлтүксүз түрдө ишенимдүү электр энергиясын колдонушу үчүн Авлетим айылынын Беш-Карын көчөсүнө жаңы бетон мамысы орнотулду”, – деп айтылат маалыматта.
[su_image_carousel source=”media: 46320,46321,46322″ crop=”none” autoplay=”4″]