Site icon Reporter.kg

Аксыда Наманган каналына түшүп кеткен 11 жаштагы бала изделүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Аксы районунун Катраңкы айылында Наманган каналына түшүп кеткен 11 жаштагы баланы издеп жатышат.

Министрликтен билдиргендей, кырсык тууралуу маалымат 23-апрелинде саат 17:20 чамасында түшкөн. Издөө иштерине  15 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Бүгүн, 24-апрелде издөө иштери улантылат.

Exit mobile version