Аксы районунун Авлетим айылындагы орто мектепте окуучунун сабалышынан кийин мектеп директору жумуштан алдынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
«Окуя болгон айылдагы №5 Асанбек Кабаев атындагы орто мектептин директору Кененбай Шабданов өзүнө жүктөлгөн милдетине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, окуучуларга алдын-ала түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду”, — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, «чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп 9-класстын 6 окуучусу ошол эле класстын башка окуучусун сабап койгону белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги окуя 6-февралда болгонун айтып, жабырлануучунун апасынын тосмо арызына карабай, окуя териштирилерин айткан.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Аксы районунун Жаңы-Жол айылында окуучу кыздардын массалык мушташы болуп, мектеп директору жумуштан алынган.
сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков