Site icon Reporter.kg

Аксыда өзүн кримтөбөл атаган 57 жаштагы жаран ишкердин 150 миң долларын тартып алган

Аксы районунун Кербен шаарынын 57 жаштагы тургуну К.Р.К. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ал өзүн райондун кримтөбөлү катары тааныштырып жүргөн. Өткөн жылдын октябрь айында жеке ишкердин 150 миң долларын тартып алган. Ал өзүнүн бизнес өнөктөштөрүн күч колдонуу менен коркутуп келген.

УКМК бул кримтөбөлдөн жабыркаган башка жарандарды издейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version