Аксыда сууга аккан өспүрүмдүн сөөгү Өзбекстандан табылды

Аксыда сууга аккан өспүрүмдүн сөөгү Өзбекстандан табылды

Аксыда 15 күн мурун сууга агып кеткен өспүрүмдүн жансыз денеси Өзбекстандан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында 14-июнь күнү 17 жаштагы бала Нарын дарыясына түшүп кеткен.

Аны издөө иштерине куткаруучулар тартылып, бирок натыйжа берген эмес.

Кечээ, 28-июнда Өзбекстанда белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылып, ал сууга аккан Аксы районунун тургуну экени аныкталган.

Кийин маркумдун жакындарына кабарланып, Өзбекстандын чек ара кызматы өспүрүмдүн жансыз денесин өткөрүп берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>