Site icon Reporter.kg

Аксыда ууланып 3 адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда ууланып 3 адам каза болду. Бул тууралуу “Репортерго” Аксы райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Кылычбек Буланбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда уулангандардын баары Кара-Суу айыл аймагынын тургундары.

“Жалпы ооруканага ууланып 4 адам түштү алардын үчөө каза болуп калды”, — дейт дарыгер.

Ал эми облустук милициянын басма сөз кызматы бул иш боюнча иликтөө иши башталганын, эмнеден ууланышканы такталып жатканын кабарлады.

 

Exit mobile version