Аксыда жергиликтүү жашоочудан 5000 доллар талап кылган шектүү кармалды

Аксыда жергиликтүү жашоочудан 5000 доллар талап кылган шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунда ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, март айынын ортосунда Аксы районунда кылмышкерлер жергиликтүү жашоочудан 5000 АКШ долларын  коркутуу жолу менен талап кылышкан.

Бул факты боюнча 203-берене (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-тергөө учурунда опузалап талап кылгандар жергиликтүү тургунга жолугушууну айткан. Алар айткан жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери келген.

“21-мартта Аксы районунун аймагынан опузалап талап кылган акча каражатынан аз суммадагы 25 миң  сомду алган жеринен шектүү кармалган. Кармалган жаран Аксы районунун жашоочусу 1990-жылы туулган Ж.Т. экендиги аныкталды.  Ал мурда бир нече жолу соттолгон.  Кармоо учурунда шектүүнүн автоунаасынан далил катары эсептелген акча каражаты табылып алынды. Опузалап талап кылуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>