Site icon Reporter.kg

Аксыда жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Аксы районунун Кызыл-Жар айылында жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка караганда, Hyundai Porter жана ВАЗ-2107 унаалары кагышкан.

Жабыркаган адамдар тез жардам унаасы менен Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген.

Exit mobile version