Site icon Reporter.kg

Аксыдагы окуучу кыздардын мушташынан кийин жетекчи кызматтан алынды

Аксы районунун Жаңы-Жол айылында болгон  окуучу кыздардын мушташынан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова ээлеген кызматынан бошотулду.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругу 20-ноябрда чыкканын министирликтин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек 10-11-классынын окуучу кыздарынын ортосундагы мушташ 18-ноябрь күнү саат 17-30 чамаларда болгон.

Аталган факты Жазык кодексинин “Ээнбаштык”беренеси менен Кылмыштардын джана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Эскертүү видеодо сөгүгөн сөздөр бар!

Exit mobile version