Аксыдагы окуучулардын мушташын милиция териштирүүдө

Аксыдагы окуучулардын мушташын милиция териштирүүдө

Аксы районунун Авлетим  айылында болгон  окуучулардын мушташын милиция териштирип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка карганда, окуя 6-февраль күнү 13:30 чамасында айылдагы А.Кабаев орто мектебинин жанындагы спорт залдын ичинде болгон. Мушташ 9-класстын окуучуларнын ортосунда чыккан.

“9-класста окуган 6 бала өзү теңдүү баланы “чоң балдарга кошулбай биз менен чогуу жүр” деп сабап койгон.  Окуя боюнча жабырлануучунун апасы 1981-жылы туулган. О.З. арыз менен милицияга кайрылган. Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган.  Кийин жабырлануучунун апасы тосмо арыз менен кайрылып, бирок арызы канааттандырылыган эмес”, — деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгарылып, соттун кароосуна жиберүү алдында турат.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ноябрь айында Аксы районунун Жаңы-Жол айылында окуучу кыздардын массалык мушташы болгон.

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>