Site icon Reporter.kg

Аксыдагы уулануу боюнча 11 адам ооруканада жатат

Аксыдагы  уулануу боюнча 11 адам ооруканада жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  4-мартта ууланып ооруканага түшкөндөрдүн бирөө дарыланууда жана бүгүн 5-мартта дагы бир адам кайрылган. Мында сырткары 9 адамды дарыгерлер көзөмөлгө  алуу үчүн ооруканага жаткырышкан.

“Учурда 11 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалдары туруктуу, керектүү дары-дармектерди алышууда. Бүгүн, эртеңден абалдары жакшыргандары чыгарыла баштайт”, — дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, кечээ 4-мартта таңга маал Аксы райондук ооруканасына Кара-Суу айылынын 4 тургуну ууланып түшкөн. Алардын үчөө каза болуп бири оор абалда ооруканада жатканы айтылган. Дагы үч адам ооруканага алып келе жатканда каза болгон.

Exit mobile version