Site icon Reporter.kg

Аксыдагы жайлоодон эс учун жоготкон келин куткарылды

Аксы районундагы жайлоодон эс учун жоготкон 34 жаштагы аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,27-июнь күнү Кара-Суу айыл аймагынын Миң-Бугу жайлоосунда 1988-жылы туулган Ө.Г. аттуу аялдын кан басымы көтөрүлүп, эс учун жоготуп алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган аялды жайлоодон түшүрүп берүүнү аталган айыл аймактын кызматкери ӨКМге жардам сурап кайрылган. Жерине 6 куткаруучу тартылып,  жогору аталган аялды жайлоодон алып түшүп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Аялдын абалы орто.

Exit mobile version