Site icon Reporter.kg

Актауда түрк дүйнөсүнүн мода фестивалы өтүүдө

28-29-июнь күндөрү Казакстандын Актау шаарында “Түрк дүйнөсүнүн аялдарынын жана модасынын күндөрү” 8-фестивалы өттү. Иш-чара Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун колдоосу менен уюштурулду.

Фестивалга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Венгрия, Түндүк Македония сыяктуу 13төн ашык түрк өлкөлөрүнөн жана аймактарынан дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана сүрөтчүлөр катышты.

Эки күнгө созулган иш-чаранын алкагында көргөзмөлөр, мастер-класстар, кол өнөрчүлүк жарманкелери жана мода көргөзмөлөрү өттү.

Exit mobile version