Site icon Reporter.kg

Актаудагы учак кырсыкта жабыркаган Кыргызстандын жаранын алып келүүгө учак даяр, — Алагөзов

Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргызстандын жараны Ринат Асановду өлкөгө алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган жарандар боюнча маалымат берген.

Алагөзовдун айтымында, жогорудагы кыргызстандыктын абалы оор болгондуктан учак менен ташуу кооптуу, дарыгерлер уруксат берсе эле учак менен алынып келет. Ошондуктан ал жергиликтүү ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүп, дарыланууда.

Ал эми калган эки жарандын абалы канааттандырарлык жана дүйшөмбүдө ооруканадан чыгарылат.

Казакстандагы учак кырсыгынан үч кыргызстандык тең аман калды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version