Site icon Reporter.kg

Актер Чыңгыз Мамаев үй камагына чыгарылды

Актер Чыңгыз Мамаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, актердун баш коргоо чарасын караган соттук отурум бүгүн, 11-январда болуп өткөн.

Эскерте кетсек, актер былтыр апрель айында зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата Кылмыш кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон.

Актерго карата арызды Германиянын жараны жазганы белгилүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version