Активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты

Активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты

Камакта отурган активист Афтандил Жоробеков 24-январга чейин үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасы 5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Жарандык активист, «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.

Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген айып коюуда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>