Активист Аспеков: Адахан Мадумаровдон өндүргөн 50 миң сомго өзүмдүн районума даараткана салдырам

Активист Аспеков: Адахан Мадумаровдон өндүргөн 50 миң сомго өзүмдүн районума даараткана салдырам

Активист Мелис Аспеков саясатчы Адахан Мадумаровду жарандык сотто утуп алды. Бул тууралуу Аспеков REPORTER.KG сайтына билдирди.

Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 24-январында чыгарды. Чечимге ылайык, Адахан Мадумаров Facebook баракчасында айткандары төгүндөп, 50 миң сом моралдык компенцанция төлөп бериш керек.

Мелис Аспековго моралдык компенцанциядан өндүрүлгөн 50 миң сомду каякка жумшайсыз? деген суроого төмөнкүдөй жооп берди.

«Чоң-Арык айылынын өйдөрөөк жагында сейил бак бар, ошол жерге даараткана курам. Ал жакка эс алуучулар көп барат. Даараткана жоктугунан булганып жатат. Чакан даараткана курдурам», — дейт активист.

Мындан тышкары Аспеков Адахан Мадумаровдун калпын сотто далилдер менен келтирип көрсөтүп бергенин айтты.

«Мадумаров сотко өзү бир дагы жолу келбей койду. Эгерде кечирим сураса башкача чечим чыкмак. Сот чечим чыгарып берди. Эми 10 күндүн ичинде Адахан Мадумаров менден расмий түрдө кечирим сурашы керек. Эгерде кечирим сурабаса ага кылмыш иши козголуп кетиши мүмкүн. Мага компенцация төлөп, кечирим сурмайынча сыртка чыкканга бөгөттү албаймын жана кылмылсыз мүлкүнө дагы арест койдурам», — деп кошумчалады Аспеков.

Белгилей кетсек, Мелис Аспеков кадыр-баркыма, абийириме, ар-намысыма шек келтирди деп Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз жазган. Анда активист 2017-жылы саясатчы телеканалдардын биринде Мелис Аспековду «УКМК кызматкерлерине иштейт жана провокатор» деп айтканы негиз болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>