Site icon Reporter.kg

Активист кайык айдаган жолдун суулары сордурулду — ВИДЕО

Бишкек шаары менен Чүй облусу кесилишкен аймактагы Фрунзе көчөсүндөгү суулар сордурулду. Бул тууралуу автивист Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырды.

Белгилей кетсек, нөшөрлөп жааган жамгырдан Новопавловка айылы менен Бишкек шаары кесилишкен жерде чоң жолду суу каптап, көчөнүн айрым жерлеринде топтолгон сууда активист кайык менен жүргөн.

Exit mobile version