Site icon Reporter.kg

Активист Кундуз Ажибекова УКМКга суракка чакырылды

Активист Кундуз Ажибекова УКМКга суракка чакырылды. Ал Бишкек шаарынын Ленин районунун акими жөнүндө жазган билдирүүсү үчүн «суракка чакырылып жатышым мүмкүн» деп «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган.

Ажыбекованын айтымында, ал жакында эле Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев жана МТУ-4 ишканасынын жетекчиси Бахтияр Канатбеков тарабынан мыйзам бузуулар жөнүндө социалдык тармактарга билдирүү жазган. Андан соң, 26-мартта саат 14: 00дө УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөө бөлүмүнө суракка чакырылган.

Ал тергөө иштерине бардык далилдерди көрсөтөрүн белгиледи.

Exit mobile version