Активист Төрөкан Жунусбеков: Жапаров Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлигимди колдоду

Активист Төрөкан Жунусбеков: Жапаров Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлигимди колдоду

Премьер-министр Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлигимди колдоду. Бул тууралуу активист Төрөкан Жунусбеков билдирди.

Ал «Патриоттор Мекенчил кыймылы» Садыр Жапаров менен байланышып, анын өмүр баянын текшеришип, Жапаров талапкерлигин колдогонун айтты.

«Мен аны көндүрүп, эч кандай уурдоо болбойт, Кудайдан корком жана жооп берем деп убада бердим. Документтерди премьер-министрге жөнөтөбүз, Жапаров мэрдин милдетин аткаруучуну гана дайындай алат», — деди Жунусбеков.

Белгилей кетсек, Нариман Түлеев 20-октябрда калаанын вице-мэри болуп дайындалган. Бирок, 21-октябрда Бишкек мэриясынын алдында Түлеевге каршы митинг өтүп, ал 22-октябрда отставкага кеткен. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>