Site icon Reporter.kg

Активист Тилекмат Күрөнов кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Тилекмат Кудайберген уулу (Тилекмат Күрөнов) Бириккен Араб Эмираттарында кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө.

«Кармалган адам Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө», — деп айтылат комитеттин маалыматында.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, өлкөдөн тышкары жүргөндө ал жана анын шериктери социалдык түйүндөрдө системалуу түрдө чагымчыл материалдарды – массалык баш аламандыкка жана бийликти күч менен басып алуу аракетине үндөгөн билдирүүлөрдү жана видео билдирүүлөрдү жайгаштырып турган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version