Казакстандын Актөбө шаарында төрөлгөн үч эмге Касым, Жомарт жана Кемел деген ысымдар ыйгарылды, деп жазат Tengrinews.kz.
Маалдым болгондой, көз жарган эне Карлыгаш Жармагамбетова жолдошу менен экинчи балалуу болсо деп кыялданып келишкен. ЭКО жолу менен кош бойлуу болгон эне үч эм экенин укканда абдан сүйүнгөн. Ал эми ымыркайларга атты алдын ала тандап коюшкан.
“Эгер уул төрөлсө атын Кемел койгула деп кайын энем айткан. Анын көзү өтүп кетти. Үч эм болорун уккандан кийин Касым, Жомарт жана Кемел деген ысымдарды ыйгарууну чечтик”, — дейт ал.