Site icon Reporter.kg

Актриса Алиша Диа ыкчам аракеттенүү тобунун унаасы жол эрежесин бузган видеону жарыялады

Актриса Алиша Диа Инстаграмдагы баракчасына «Патруль» ыкчам аракеттенүү тобунун унаасы жол эрежесин бузганы тууралуу видеону жарыялаган.

Анын айтымында, ыкчам аракеттенүү тобунун  машинасы каттуу ылдамдыкта айдап, жолду кесип өтүп, ошол эле учурда сөгүнгөн сөздөрдү айтышкан.

“Бүгүнкү күндө бул мыйзамсыздык кадимки көрүнүш болуп калдыбы? Же бул унаалары өзгөчө деп эсептелип жана жол эрежелерин бузууга укуктуу, анткени алар жазасыз калаарын билишет. Ошол себептен ушундай жолго барышууда», — деп жазат актриса.

Андан кийин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери бул унааны таап, протокол түзүлүп, айдоочу менен түшүндүрүү маеги болуп өткөн.

Exit mobile version