Актёр Марат Жанталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Актёр Марат Жанталиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

Белгилүү актёр Марат Жанталиев менен коштошуу зыйнаты анын Бишкектеги өзүнүн үйүндө өтүп жатат.

Коштошуу зыйнатында маданият жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев Марат Жанталиев актёрлук чеберчилиги бышып турган учурунда каза болгону өтө өкүнүчтүү экенин айтты.

«Бопуш» деген ат менен калың журтка таанылган Марат Жанталиев «Саякбай» фильминде улуу манасчынын ролун эң жогорку чеберчилик менен аткарган. Бир гана эркектин ролун эмес, аялдын ролун дагы катыра аткарган актёр эле. Арабыздан Жанталиевге окшогон өнөрлүү инсандарыбыздын кетип жатканы кабыргабызды кайыштырып турат», — деди Иманалиев.

Актёрду акыркы сапарга узатуу зыйнатында Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, жазуучу  Султан Раев, кесиптештери жана ага-туугандары катышып жатат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген артист Марат Жанталиев 9-июнда ооруканада каза болгон. Ал 59 жашта болчу. Кесиптештери актёрду буга чейин ооруп жүргөнүн билдиришкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>