Дүйнө жүзүнө белгилүү актёр жана кинорежиссёр Жеки Чан карантинге алынды. Актёр коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алганын Today басылмасы жазышты.
65 жаштагы актёр эс алуу кечеге барып, жугузуп алганы айтылууда. Ал кечеге 48 жаштагы полиция кызматкери дагы барган. Полиция кызматкерин текшерүүгө алышканда коронавирус жуктуруп алышканын аныкташкан. Буга байланыштуу 65 жаштагы актер карантинге алынды.
Белгилей кетсек, Жеки Чан дүйнөнү каптап жаткан вирустун дарысын ким ойлоп тапса, ага 1 миллион юан (145 миң доллардын тегереги) берерин убадалаган.