Акун Конституциянын жаңы долбооруна каршы болгондорду сындады – видео

Акун Конституциянын жаңы долбооруна каршы болгондорду сындады – видео

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун коомдук талкууга чыгарылган жаңы Конституциянын долбоорун колдоп чыкты. Ал Улуттук илимдер академиясында өтүп жаткан Конституциялык кеңешменин жыйынында сүйлөп жатып, “Баш мыйзамдын жаңы долбоору күчтүү президент жана күчтүү парламенттин калыптанышына жол ачат” деди.

“Эмне үчүн күчтүү президент? Кыргызстандын тарыхында бирнчи жолу президент аткаруу бийлигинин башына баратат. Бул дагы аябай жоопкерчилик. Буга чейин бир дагы президент аткаруу бийлигиндеги жоопкерчиликти өзүнө албагандыктан 33 премьер-министр кетип жатат. Эгер президент бул орунда турса аны эч ким кетире албайт, улам-улам өкмөт башчы алмашпайт”, – деди Акун.

Турсунбек Акун андан ары Баш мыйзамдын жаңы долбооруна каршылыгын билдиргендерге сын айтты.

“Мына мен үч күндөн бери угуп жатам. Азыр өзүнчө чогулуп алышып, “Азаттык” радиосу башында туруп модераторлук кылууда. Кээ бир чет өлкөдөн каржыланган прессалар дүжүр саясатчыларды, Конституциянын атасымын дегендердин баарын чогултуп алып, Конституция жарала элек жатса шыбап киришти. Алар сунушун берсин, мына Конституциялык кеңешме түзүлдү биз талкуулап, сунуштарды беребиз”, – деди ал.

80 депутат демилгечи деп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук тулкууга чыккан. Жаңы долбоордо президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп калганы үчүн бир катар саясатчы жана жарандык коом өкүлдөрүнүң сынына кабылды. Алар бүгүн «Жарандар бийликтин узурпациясына каршы!» деген чукул жыйын дагы өткөрүштү.

Ушул эле күнү (20-ноябрь) президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койду.  Кеңешмеде Конституциянын долбоору талкууланып, сунуш пикирлер менен толукталмакчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>