Site icon Reporter.kg

Акыйкатчы: 29 жаштагы келин дарыгерлердин айынан майып болду

Акыйкатчы институту саламаттыкты сактоо министринен 29 жаштагы аялдын майып болушуна күнөөлүү медицина кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну талап кыларын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Т. Р. аттуу жаран кызынын укуктары дарыгерлер тарабынан бузулгандыгы боюнча арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 1993-жылы туулган Т.кызы З. 2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык №4 перинаталдык борборунда кан басымы жогору болуп кайрылган. Ошол күнү нөөмөттө турган дарыгерлер көңүл кош мамиле жасап, бейтапка төрөт чакыруучу дарыларды ичирген. Анын натыйжасында Төрөбек кызы З., абалы оорлошуп, ымыркайды ара төрөп, өзү реанимацияга түшүп калган.

Арыз ээсинин айтымында, дарыгерлер өз жоопкерчилигинен кутулуу максатында операция жолу менен төрөтүп, кызынын өзүнүн өнөкөт оорулары козголду деп туура эмес маалымат беришкен.

Ошол күндөн бери абалы оор бойдон калууда. Учурда кызы сүйлөбөйт, баса албайт, өзү тамак иче албайт, атасы көтөрүп дааратканага алып барат жана жуундурат. Болгон каражатына дарыларды алып, азыркы убакта батирде жашап, кызын багууда.

Арыз ээси бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигине кайрылган, бирок алардын берген жообуна нааразычылыгын билдирди.

Акыйкатчы саламаттык сактоо министрине бул иш боюнча обьективдүү, жыйынтыктуу иликтөө жүргүзүп, жарандын майып болуу себебин аныктап, ага жооптууларды жоопкерчиликке тартуу менен, жабыркаган айымдын реабилитация иш-чарасын камсыз кылуусун талап кылды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version