Акыйкатчы институту УКМКнын тергөө абагында кармалган жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп, абактагылар менен маектешти. Бул тууралуу институттун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, тергөө абагындагылар кармоо шарттарына жана кызматкерлердин аракеттерине нааразычылыктарын билдиришкен эмес.
Институттун кызматкерлери Жазык кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айыпталып жаткан Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) менен дагы жолугушкан.
«Тилекмат Кудайберген уулу менен бирге камерада дагы эки эркек киши кармалууда. Ал УКМКнын СИЗОсунда укуктары бузулгандыгына даттанууларды айткан жок»,- деп айтылат маалыматта.