Site icon Reporter.kg

Акыйкатчы милиция тарабынан ур-токмокко алынган жарандарга барды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова милиция тарабынан ур-токмокко алынган жарандарга барып жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 16-июнда, Акыйкатчынын аппаратына Аламүдүн РИИБде шектүү катары кармалган жарандардын ур-токмоко алынышы тууралуу маалымат түшкөн.

Акыйкатчы А.Абдрахматова аппараттын кызматкерлери менен бирге, маалыматты тастыктоо үчүн Аламүдүн райондук ИИБге барган учурда, кармалган адамдарды Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына алып кеткени маалым болду, аталган жерге барганда УКЖдын кызматкерлери аларга эч ким алынып келбегендигин билдиришкен.

“Издеп жүрүп аларды Чүй облусунун Москва, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан таап, шектүү катары кармалган жарандар менен А.Абдрахматова өзү жолугуп сүйлөштү. Бири Москва УКЖда болсо, экөө Сокулуктун УКЖда кармалып турушкан. Сокулуктагы УКЖда кармалып турган экөө арыз жазуудан баш тартышты, бирөөсүнүн оң көзүндө шишик байкалган. Москва УКЖда кармалып турган өз арызын жазып берди. Бул боюнча тийиштүү иштер башталды.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан Акыйкатчынын иш алпаруусуна тоскоолдуктар болуп, жеринде АКТ түзүлдү. Бул боюнча дагы тийиштүү иштер алып барылат”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Акыйкатчы институту КРнын  Конституциясынын 56-беренесине ылайык, эч ким кыйноолорго жана башка катаал адамгерчиликсиз, ырайымсыз же кадыр-баркты басмырлаган мамилелерге жана жазалоого дуушар болбоого тийиш, эркиндигинен ажыратылган ар бир адам ар-намысы кемсинтилбеген адамгерчиликтүү мамиле жасалышына укуктуу экендигин эскертет.

Exit mobile version