Site icon Reporter.kg

Акыйкатчы Ош базардан 10 700 сомго эмнелерди алганын тизмектеди  

Акыйкатчы Атыр Абдырахматов Бишкек шаарындагы Ош базарына 10700 сомго азык-түлүк сатып алуу үчүн барып ала турчу көп азык-түлүккө акчасы жетпей калганына нааразы болуп, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Үй-бүлөсү чакан. Апасы жана эки баласы менен чогуу жашашат. Апасынын пенсиясы 2620 сом. 1-2 айда бир жолу Ош базарга барып үйгө азык-түлүк алат. Бул жолкусунда  10700 сомго эмнелерди алганын айтып берди:

-Өсүмдүк майынан 10л;

— сыр, каймак, май;

— тооктун төшү, сан эти  (буларга көбүрөөк акча кетти) ;

— 3 даана кофе;

— 1 шт. идиш аяк жуучу суйуктук.

Ошондой эле алууга пландап барган азык-түлүктөрдүн да тизмегин жазган.

Кум шекер, күрүч, гречка, кургатылган кесме, жумуртка, кир жуучу порошок…

Мындан тышкары таттуу ж.б. балдарга жагымдуу даамдуу тамак-аштары туурасында кеп козгобой эле коёлу деп кымбатчылыктын деңгээлин айтып нааразы болгон.

Exit mobile version