Site icon Reporter.kg

Акыйкатчы жалган жалаа тууралуу мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева интернет жана ЖМК аркылуу жалаа жабуу жана мазактоо үчүн 200 миң сомго чейин айып пул салууну караштырган мыйзам долбоорун кайтарып алууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Өкмөт сунуштаган мыйзамга ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет аркылуу бир адамды кемсинткен, сөккөн же атайылап жалаа жапкан адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул каралган.

Жаманбаев жалаа жабуу жана мазактоо кылмыш эмес экенин белгилеп, ал үчүн 100 миң же 200 миң сом айып пул салуу өтө эле көп жана негизсиз экенин билдирди. Ошондой эле ал айып пул салуу укугу Маданият министрлигине берилип жатканын туура көрбөйт. Акыйкатчы чечимди сот чыгарышы керек деген пикирде.

Акыйкатчы мыйзам долбоорунун демилгечилерин андагы карама-каршылыктарды жоюуга, эл аралык укук нормаларына каршы келген жоболорду алып салууга чакырды. Мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу керек болгондуктан Жаманбаева аны кайтарып алуу керектигин билдирди.

Ошол эле мезгилде ал өлкөдө сөз эркиндигин камсыз кылуу керектигин, адам укуктары менен эркиндиктери сакталышы зарыл экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, өкмөттүн бул мыйзам долбоорун депутаттар да сындап чыккан. Алардын айтымында, аталган мыйзам көз карандысыз журналисттерди, бийликке сын айткан адамдарды жазалоо үчүн колдонулушу мүмкүн.

Интернетте бирөөнү сөккөн үчүн 100 миң сом төлөгөнгө даярсызбы?

Exit mobile version