Site icon Reporter.kg

Акыйкатчы жазасын өтөп жаткан балалуу аялдардын шарттарын көрүп келди

Бүгүн, 28-март күнү Акыйкатчы Атыр Абдрахматова №2 аялдарды түзөтүү мекемесине барып, жазасын өтөп жаткан аялдардын айрымдары менен жолукту. Биринчи кезекте кичинекей балдары бар аялдар менен сүйлөштү. Бул туурасында Омбудсмендин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы учурда 3 жашка чейинки ымыркай балдары бар 9 аял абакта кармалып турат. Эне-балага түзүлгөн шарт жана медициналык камсыздоо, тамак-аш маселелерине көңүл бурулду.

  1. Аялдардын айтымында да, мониторинг жүргүзүүчүлөргө да дароо байкалганы: балдарга атайын ойной турган аянтча жок, керектүү шарттар түзүлгөн эмес, коопсуз эмес; кир жуугуч машинасы жок, кичинекейлерге памперс жана манеждер жетишпейт.

Абактагы аялдар белгиленген көйгөйлөр:

– балдары бар соттолгон аялдарга өкүмдүн аткарылышынын мөөнөтүн өтөө кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгү колдонулбай турганын баса белгилешти.

«Паракорчулук менен, кызматтык абалын колдонуп кылмыш жазасына тартылгандардын жаза мөөнөтүн өтөө кийинкиге жылдырылат, эмне үчүн бул кепилдик башкаларга колдонулбайт», – деп суроо узатышты соттолгон аялдар.

– ошондой эле, укуктардын эң чоң чектелиши катары, материалдык зыянды (акча каражат) төлөй албаса, соттор бул аялдарга мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонуудан баш тартат. «Чоң акчага зыян келтиргендер, көмүскө коюлган талаптарды аткарып, бир күн да абакта болбой, тергөө изоляторунан эле эркиндикке чыгып кетишет, биз болсо акчабыз жок, «көмүскө талаптарды аткара албайбыз. Мыйзам баардыгына бирдей колдонулбайт; терс, паракорчулук тажрыйба орноп калды», – дешти соттолгон аялдар.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 14 жашка чейинки балдары бар аялдарга жаза мөөнөтүн өтөөнү жылдыруу зарылдыгын белгилейт, бул ченем Кылмыш-жаза кодексинин 87-беренесинде да каралган.

Жакын арада Акыйкатчы аппараты:

– жаза аткаруу мекемелерине;

– мамлекет тараптан дайындалган адвокаттардын ишмердүүлүгүнө;

– соттордун иштөө процесстерине чоң мониторинг иштерин баштайт.

Бүгүнкү мониторинг Юстиция министрлигинин жетекчилиги, МКЮЖ (мамлекет кепилдеген юридикалык жардам) борбору жана айрым ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте өттү.

Exit mobile version