Акыйкатчы: 13 жашар кыздын зордукталуусу боюнча адилеттүү өкүм чыгышы керек

Акыйкатчы: 13 жашар кыздын зордукталуусу боюнча адилеттүү өкүм чыгышы керек

Акыйкатчы Токон Мамытов 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча окуяны көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу “Репортерго” Мамытов өзү айтты.

Анын айтымында ишти кароодо сот катачылыктарды кетирген.  Иш 164-берене менен эмес, 161-берене («Зордуктоо») боюнча катталышы керек болчу.

“Бул ишти биз тыкыр көзөмөлгө алабыз. Акыйкатчы институтунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө соттук отурумдарга мониторинг жүргүзүү тапшырылып, алар иш алып барууда. Эми иш облустук сотто карала баштаганда отурумдарга биздин өкүлдөр катышып, акыйкат чечим чыгышын талап кылабыз”, — деди Мамытов. 

Белгилей кетсек, 11-декабрда Ысык-Көлдүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын жеңилдеткен. Жабырлануучунун жактоочусу сот  айыпталуучуга карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишти «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми аны кошо айыпталып жаткан  Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды актап жибергенин айткан. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>