Site icon Reporter.kg

Акыйкатчынын отставкасы. Парламентте талаш жаралды   

Бүгүн, 3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын сунушу менен Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.

Аталган сунушту Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети колдогон.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров Акыйкатчыны угууну сунуштады. Анын айтымында, фракциянын жүйөлөрү далилденген эмес жана аны кызматтан кетирүүгө негиз боло албайт.

«Атууга кетип бараткан адамга дагы акыркы сөз берилет. Фракция көрсөткөн 122-берененин бул маселеге тиешеси жок. Бул беренени окудуңуз беле? Анда эмне жөнүндө айтылып жатат? Акыйкатчыны кызматтан алуу конституциялык маселе. Эгер шашылсак, жаңылып калышыбыз мүмкүн. Эгер ушундай чечим кабыл алгыңар келсе, талкуусуз эле добушка койгула», — деди эл өкүлү.

Төрага Нурлан Шакиев депутат каршы добуш берүүгө укуктуу экенин айтты.

“Парламент бул коллегиялуу орган. Бардык маселе көпчүлүк менен чечилет. Сизге сөз бербей койсок айтсаңыз болот эле. Сиз каалагандай сүйлөп жатасыз”, — деди парламенттин төрагасы.

Дагы бир депутат Дастанбек Жумабеков да Атыр Абдрахматованы кызматтан кетирүү процедурасы бузулуп жатканын айтты.

«Акыйкатчыны кызматтан кетирүү үчүн парламент кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо комиссия түзүп, бардык фактыларды текшере алат. Экинчиден, биз анын жылдык отчетун кабыл албай калышыбыз мүмкүн, жылдык отчету буга чейин бекитилген», — деди ал.

Жыйынтыгында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын сунушуна добуш берилип, көпчүлүктүн добушу менен Атыр Абдрахматова кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version