Акылбек Осмоналиев: Бишкекке Ысык-Көлдөн 30 медик жиберилет

Акылбек Осмоналиев: Бишкекке Ысык-Көлдөн 30 медик жиберилет

Ысык-Көл облусунан 30 медкызматкер Бишкек шаарына жиберилет. Мындай билдирүүнү Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, медиктер борбор калаадагы кесиптештерине жардам берет.

“Ошондой эле, Бишкек шаарынан пансионаттарда иштөө үчүн 24 медкызматкер келээри күтүлүүдө. Алар менен келишим түзүлгөн”, — деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда бүгүнкү күнгө чейин 139 адамдан коронавирус аныкталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>