Акылбек Сариев БШКнын мүчөлүгүнө шайланды

Акылбек Сариев БШКнын мүчөлүгүнө шайланды

Бүгүн, 4-октябрда «Ала Арча» мамлекеттик резиденцияндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө Акылбек Сариевдин талапкерлиги колдоо тапты.

Жашыруун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 64 депутат Сариевдин талапкерлигине «макул», 36  депутат «каршы» добуш берди.

Акылбек Сариев БШКнын мурдагы төрайымы Атыр Абдрахматованын ордуна “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы тарабынан сунушталган.

Абдрахматова 16-октябрда кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, 28-октябрда Жогорку Кеңеш анын арызын канааттандырган.

Акылбек Сариев 2010-2011-жылдары БШКнын төрагасы кызматын аркалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>