Site icon Reporter.kg

Акылбек Талантбеков Египеттеги турнирде күмүш медаль утту

Кыргызстандык спортчу Акылбек Талантбеков Египетте өткөн грек-рим күрөшү боюнча рейтингдик турнирде күмүш медаль утту.

Ал 82 килограммга чейинки салмак ченинде беттешип, эки жолу жеңишке жетип, финалга чыкты.

Чечүүчү күрөштө Талантбеков Грузиядан келген балбанга утулуп, 2-орунду ээледи.

Белгилей кетсек, Египеттеги мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль утушту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version