Site icon Reporter.kg

«Кыргызское взморье» санаторийинин директору иш козголгонун четке какты

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан «Кыргызское взморье» санаторийинин директору Акылбек Токтобаев ага карата кылмыш иши козголгону боюнча маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.

Анын айтымында, ал былтыр ноябрь айында аталган санаторийге директор болуп дайындалган.

“Санаторийди ири чыгымдары менен кабыл алгам. Бирок ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча санаторийдин жамааттын күчү менен 19 миллион сомдук киреше алууга мүмкүн болду.

Кызматкерлердин маянасы 30 пайызга жогорулатылды, алардын эмгек акысы акыркы 10 жылда жогорулатылган эмес. Бир нече жылдардан бери иши  токтоп турган бассейндин курулушу башталды. Санаторийдин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Албетте, бир жылдын ичинде баарын жасоо мүмкүн эмес. Алдыда аткарыла турган иштер көп. Мага карата кылмыш иши козголбогонун белгилеп кетким келет”, — деп билдирген Токтобаев.

Буга чейин УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын сентябрь айында облустагы «Кыргызское взморье» санаторийинин башкармалыгына кылмыш иши козголгону маалымдалган.

Тактап айтканда, санаторийдин директору — Акылбек Токтобаевге, башкы бухгалтер – Жылдыз Абдыкадыровага жана жайгаштыруу бөлүмүнүн башчысы — Римма Ташкенбаевага Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Ишенип берилген мүлктү ири өлчөмдө өздөштүрүп алуу же ысырап кылуу) негизинде иш козголгон.

Мамлекеттик катчы Касмамбетовдун өкүл баласына иш козголду

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version