MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов өз каалоосу менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Жамангулов, башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу арыз жазды. Ал «Альфа Телекомдун» башкы директору болуп 2018-жылдын 24-октябрынан бери иштеп келе жаткандыгы белгиленди.
Компаниянын жаңы төрагасы болуп Азат Базаркулов дайындалды.
Базаркулов буга чейин «Акнет» ЖЧКсынын аткаруучу директору кызматын аркалап келген деп кошумчалайбыз.