Акылбек Жапаров: үйүмдү атайлап өрттөшкөнү анык, милиция иликтеп жатат  

Акылбек Жапаров: үйүмдү атайлап өрттөшкөнү анык, милиция иликтеп жатат  

Бүгүн, 14-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөрү айтылып, анда өкмөттүн курамын жана программасын бекитилери кабарланган. 

Аталган жыйынга депутат Акылбек Жапаров да келди. Андан журналисттер үйүн өрттөп кеткени тууралуу маалымат тарап жаткандыгын сурап, бул кабардын чын төгүнүн сурашты. 

Буга Жапаров чындап эле үйүн өрттөшкөндүгүн айтып жооп берди. 

“Бул революция күнү болду. Дачам өрттөнүп кетти. Учурда укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп жатат. Мен эми иликтөөнүн жыйынтыгы менен гана бир нерсе айта алам.  Атайлап өрттөшкөнү бул анык нерсе, бирок ким кантип өрттөгөн ал күнү баары баш аламан болуп жаткан. Бул менин гана трагедиям, азыр жалпы элдин трагедиясын чечүү керек болуп турат”, — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Акылбек Жапаровдун Ысык-Ата районундагы үйүн 6-октябрда өрттөшүп кеткени тууралуу маалымат айтылып, видеосу интернетке жарыяланган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>