Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров Ак-Сайдын абалын көрдү — видео

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Капчыгай жана Ак-Сай айылдарына  барып, эл менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жапаров бузулган үйлөр тазаланып, жаңы курулушка даярдык көрүлүп жатканын көрдү. Капчыгай айылындагы бузулган үйлөр жаңыдан курулат, суу, септик жана башка шарттары түзүлөт.

Мындан тышкары Ак-Сай айылындагы мектептин имаратын көрдү жана жаңы мектеп куруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Буга чейин Тажикстандын кол салуусунан улам чек арага жакын аймактарда жабыр тарткан турак жайлар 26-сентябрдан тарта  салына баштарын Президенттин администрациясынын башкармалыгынын башчысы Айбек Джунушалиев билдирген. 

“Жабыр тарткан турак жайларды эл аралык уюмдардын өкүлдөрү көрүп кетишти. Биринчи күндөн баштап курулуш техникалары келип баштайт. Үйлөрдүн салынышы республикалык бюджеттен каржыланат. Үйлөр салынганда да кирпич менен салынат. Үстү монолит менен жабылат. Бүт эски үйлөр алынат да, жаңы имараттар тургузулат”, — деген ал.

Учурда жеринде жаңы имараттарды куруу үчүн талкаланган үйлөрдү жана имараттарды бузуп, тазалоо иштери жүрүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version