Site icon Reporter.kg

Акылбек Жапаров Арменияга жумушчу сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны алкагында 20дан ашык маселе каралмакчы.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version