Site icon Reporter.kg

Жапаров эмне үчүн Жогорку Кеңешке келген жок? Абытовдун жообу

Акылбек Үсөнбекович [Жапаров] эч качан качпайт, келбейм деп айткан эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жана президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов 6-октябрдагы жыйында айтты.

Абытов билдиргендей, депутаттар өткөн бейшемби күнү Кумтөр, миграция, кышка даярдык жана билим берүү маселелерин көтөрүшкөн.

«Бейшемби күнү башка маселени талкуулаганыбызды өзүңөр билесиңер. Ал күтүп жатат. Мен бир күндө бардык суроолорго жооп берейин дедим эле, Кумтөр боюнча комиссия түздүңөр. Дүйшөмбү, шейшембиде Кумтөргө барам, шаршемби, бейшемби күндөрү жыйынга кел деп мага ушундай тапшырма беришкен. Бүгүн 4 министрдин талапкерлиги каралышы керек болчу, бирок Акылбек Үсөнбекович бүгүн даяр эмес, иши менен кетти», — деди Алмас Абытов.

Абытовдун айтымында, ал Акылбек Жапаровго Жогорку Кеңештин депутаттары аны күтүп жатканын айтарын белгиледи.

Буга чейин депутаттар Министрлер кабинетинин башчысы парламенттин жыйынына өзү катышып, талапкерлерди тааныштыруу, аларга мүнөздөмө берүү, мурдагы министрлерге карата кылмыш иштери козголгону боюнча түшүндүрмө бериши керектигин айтышкан.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Акылбек Жапаров Ош облусуна иш сапарын пландаштырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version